You are currently viewing No4 орто мектепте “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

No4 орто мектепте “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

No4 орто мектепте тогуз жылдан бери меценат, көрүнүктүү коомдук ишмер, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан колдоого алынып, орто мектептердин окуучулары арасында “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Билим таймашына Жайыл районунан 900 мектеп окуучулары катышып, анын ичинен 8 окуучу супер финалга чыгышты. 1 орун
Суперфиналда Полтавка айылындагы орто мектептин окуучусу Полотов Рысбек орунду ээледи. Кара-Балта шаарындагы 4-мектептин окуучусу Адиль Абасов татыктуу 2-орунду ээлеп, белек катары “Америка мектебинде” 3 айлык окуу курсуна ээ болду.

Шаар мэри Мирлан Жекшенов «Акыл ордо» интеллектуалдык оюнуна конок катары чакырылып, ал өз кезегинде билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн К.Конушбаевге ыраазычылык билдирди. Бул жерде ошондой эле райондун акими Т.Түркбаев, облустук билим берүү мекемесинин жетекчиси Т.Арыков, окуучулар, ата-энелер, мугалимдер катышты.