You are currently viewing кулактандыруу!

кулактандыруу!

Урматтуу Кара-Балта шаарынын ишкерлери!

Кара-Балта шаарынын мэриясы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги No200 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна лицензиялоо чөйрөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык токтомуна ылайык, лицензиялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү киргизилди. Тактап айтканда, анда “алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия алган субъект төмөндөгүдөй өлчөмдөгү жыйым төлөйт.

1) жеке жактар ​​үчүн – 100 эсептик көрсөткүч;

2) юридикалык жактар ​​үчүн:

– чекене соода объектисинде бир контролдук кассалык машина болсо – 200 эсептик көрсөткүч;

– 500 – 2 ККМ болсо;

– 2000 – чекене соода объектисинде 3 же андан көп ККМ болсо.

Ошондой эле, Кара-Балта шаарынын мэриясы алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүш максатында сактоо жана сатуу, дүң жана чекене сатуу) менен алектенген ишкерлер үчүн лицензия алуу зарылдыгын жана милдеттүүлүгүн эскертет.