Урматтуу Кара-Балта шаарынын ишкерлери!
Кара-Балта шаарынын мэриясы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги No200 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна лицензиялоо чөйрөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык токтомуна ылайык, лицензиялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү киргизилди. Тактап айтканда, анда “алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия алган субъект төмөндөгүдөй өлчөмдөгү жыйым төлөйт.
1) жеке жактар үчүн – 100 эсептик көрсөткүч;
2) юридикалык жактар үчүн:
– чекене соода объектисинде бир контролдук кассалык машина болсо – 200 эсептик көрсөткүч;
– 500 – 2 ККМ болсо;
– 2000 – чекене соода объектисинде 3 же андан көп ККМ болсо.
Ошондой эле, Кара-Балта шаарынын мэриясы алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүш максатында сактоо жана сатуу, дүң жана чекене сатуу) менен алектенген ишкерлер үчүн лицензия алуу зарылдыгын жана милдеттүүлүгүн эскертет.